АЛМЕЙДА (Almeida) Франсишку

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:30, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМЕЙДА (1450–1.3 1510) – португалиялык деңиз сүзүүчү. Флотчу жана Батыш Индияны жеңип алуучу. Индиядагы 1505–09-ж. алгачкы португалиялык вице-король. А-нын резиденциясы Кочиндеги португалиялык сепил болгон. Каннапурага жана Анджадива а-нда форт курган. Ал 1509-ж. Диу а-нда египеттик султандын флотун (Индия океанынын акваториясында португалиялыктарды кууп чыгуу үчүн) талкалаган. Мадагаскар, Цейлон жана Мальдив а-ндагы экспедицияны жабдып турган. Илгери Үмүт тумшугуна жакын жерде Португалияга бараткан жеринде африкалыктар тарабынан өлтүрүлгөн.