АЙДАРКЕН КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:58, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРКЕН КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ--Баткен обл‑ндагы Айдаркен ш‑на жакын жайгашкан. «Айдаркен сымап комбинаты» мамл. акционердик коомуна караштуу. 1967‑ж. ишке киргизилген. Аянты 40 000 м2.Консервацияланган эмес. Мында Айдаркен сымап кенинин рудасын иштетип, пайдалуу ме­таллды бөлүп алгандан калган, курамында сымап, сурьма, фтордуу кальций, мышьяк ж. б. бар кенташ (руда) калдыктары сакталат. Азыркы абалы экол. жактан канааттандырарлык, бирок жалпы экол. системаларга таасирин тий­гизип турат.
Ад.: Геоэкологическая безопасность и риск природно‑техногенных катастроф на территории Кыргызстана. Б., 1999.

Б. Үсөнканов.