АЙДАРБЕК ЧОКУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:40, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙДАРБЕК ЧОКУСУ – Алай кырка тоосун­дагы Текелик тоосунун эң бийик жери. Көк­-Суу ж‑а Текелик (Кызыл‑Суунун оң куймала­ры) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 5125 м. Чоку девон м‑н карбондун калың катмарлуу доломит, кумдук, мрамор тектери­нен туруп, конус сымал түзүлүштө. Түндүк тара­бы тик, жалама беттүү. Альпинизмге ыңгайлуу.