АККРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АККРА – Гана Республикасынын борбору, өлкө­дөгү эң чоң шаар. Калкы 2,3 млн (2018). Гвинея булуңундагы порт. Темир жана автомобиль жол­дор тоому, эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн соода, өнөр жай жана маданий борбору. Металл иштетүү, текстиль, тактай тилүү, тамак‑аш өнөр жайлары; электр жабдууларын чыгаруучу з‑д иштейт. Кустардык жол менен алтын жана күмүш буюмдары жасалат. Алмаз жана какао‑буурчак сатуучу рынок. Ун‑т, ИА, Улуттук, илим менен техника музейи бар. А. 16‑к‑да негизделген. 1876‑жылдан 1957‑ж. чейин Алтын жээктин резиденциясы, европалыктардын о. кылымда­гы форту болгон.

$scan$$scan$

мөөнөттө алуу үчүн алуучунун аты жазылып, укугун күбөлөндүргөн баалуу кагаз; 2) милдет­тенмелер аткарылгандан кийин товар, иш ат­каргандык же кызмат көрсөткөндүк үчүн ток­тоосуз төлөм алууга мүмкүндүк берүүчү банк эсе­бинин түрү; ишканалар менен уюмдардын орто­сунда акчасыз эсептешуүнун түрү катары, о. эле коммерциялык операциялар б‑ча эл аралык эсеп­тешүүдө пайдаланылат. Негизги түрлөрүнө ак­чалай жана товардык (документтүү) А. кирет.