АЛЕКСАНДРОВКА
Jump to navigation
Jump to search
АЛЕКСАНДООВКА‒ Чүй обл-нун Москва р-ндагы кыштак. Александровка айыл аймагынын борбору. Бишкек ‒ Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 730 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Беловодский (Ак-Суу) кыш-нан 8 км чыгыш тарапта. 1882-ж. отурукташкан. Калкы 12 805 (2009); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто жана негизги мектеп, оорукана, бейтапкана, дарыкана, мад-т үйү, кинотеатр, 3 китепкана, дүкөн, ашкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Кыргыз эл акыны Я. Ж. Шиваза туулган.