АЛДЫ-ЖАР (АЛДЫЯР) КӨМҮР КЕНИ
Jump to navigation
Jump to search
АЛДЫ-ЖАР (АЛДЫЯР) КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Алай р-нун чек араларында. Кара-Суу темир жол бекетинен 85 км түш.-чыгыш тарапта. Биринчи маалымат 1934-ж. Куршап жана Гүлчө көмүр казуу артелдеринен алынган. 1953‒54-ж. издөө, 1974‒75-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүр юра мезгилинде пайда болгон чөкмөлөр менен байланышкан. Бардыгы 4 кабат, анын ичинде биринчи (астыӊкы) кабат өндүрүштүк мааниге ээ. Анын калыӊдыгы 0,1 мден 7,65 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн орт. күлдүүлүгү 24%. Көмүр таш көмүрдүн узун жалындуу (Д) маркасына кирет. Күйүүнүн орт. жылуулугу 32,1 МДж/кгды түзөт. Көмүр кабаттарынын жердин үстүнө чыккан айрым жерлеринде көмүрдү ачык жол менен казып алууга болот. Жалпы геол. запасы 45 млн т.