АВАНГАРДИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:04, 13 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВАНГАРДИЗМ (фр. avantgard - алдынкы чек, алдынкы отряд) - көркөмдүк салттардан кол үзүү ж-а чыгармачылыктын принципиалдуу жаңы формаларын иштеп чыгуу максатында эксперимент жүргүзүүнүн зарылдыгын жарыялаган 20-кылымдын адабияты м-н искусствосундагы багыттардын жыйындысы. Жалпысынан алганда А. өткөн кылымдын туундусу катары эксперименталдык, модернисттик адаттан сырткаркы башталыштарды баса белгилеген изденүүлөрдү бириктирет. «А.» термини көркөм адабий сында адеп колдонулуп, искусство жөнүндө илимге 1950-ж. кирген. Ар кайсы тарыхый этаптарда биринчи жол баштоочулардан болуп, бири-бирине алмашып төмөнкүдөй авангарддык багыттар чыгып турган: кубизм, футуризм, экспрессионизм, абстракционизм; 1920-30-ж. мындай роль сюрреализмге өткөн;
дүйнөлүк согуштан кийин 1940-50-ж-дын аягында биринчи орунга абстракттуу көркөм искусствонун жаңы агымдары чыгышкан. 1960-70-ж. акционизмдин ар кандай формалары, предмет м-н иштөө (поп-арт), концептуалдык көркөм искусство пайда болот. Көркөм процесстердин кескин тез өнүгүшү м-н белгиленген көп факторлордун,

анын ичинде батыш өлкөлөрүнө таандык адаттан тыш көркөм турмушгу уюш-

К. С. Малевич. «Моно Лиза менен композиция» 1914. Орус музейи (С.Петербург).

туруудагы жаңы ыкма көркөм рыноктун таасири астында калыптанды. А-дин чектери ар кандайча аныкталат: анын аякташы неоавангардизм пайда болгон же постмодернизмдин калыптанган мезгилине дал келет. Бирок ошондой болсо да А. принциптерин ар кандай өзгөртүүлөргө болгон кызыкчылык жоголгон эмес. Авангардизмдин программаларынын көп түрдүүлүгүнө карабастан, андагы жалпы белгилерди бөлүп көрсөтсө болот. Коомго ж-а «консервативдүү» салттык маданиятка карата авангардизм сүрөтчүлөрү туруктуу нааразылык билдирүү, «перманенттик козголоң» позициясын ээлешти. Авангардизмдин принциптүү антитрадиционализми

Ф. Марк. «Түлкүлөр». 1913. Искусство музейи (Дюссельдорф).

(традиционализмге каршылыгы), анын сулуулуктун ж-а көркөм сүрөттөөнүн классикалык нормаларынан баш тартышы болуп көрбөгөндөй формалдуу жаңычылдыкка багыт алуусуна же өздүк көркөм искусствосунун эң төмөнкү формаларына, примитивдүүлүгүнө байланышкан.

С. Дали. «Лобстер-телефон». Аралаш техника (болот, пластмасса, кагаз, резина ж. б.) 1936. Тейт галереясы (Лондон).

Көркөм ачылыш, дайыма жаңыланып туруу жөндөмдүүлүгү милдеттүү эрежелерден болуп калды. Муну м-н А-дин программалуулугу манифесттерди түзүү ж-а жарыкка чыгаруу, ар дайым келечекке умтулуу, чыгармачылыктын бардык түрүндөгү «долбоорлуулук», көркөм искусство каражаттары м-н ишке ашырылуучу алдын-ала айтуу ж-а турмуш өзөгүн куруу жөндөмү м-н шартталган. Сүрөтчү-авангардист өзүнүн субъективдүү дүйнө моделин жаратат ж-а бул нерсе ошол турмуштун чегинде «экинчи реалдуулук» курулушуна өсүп чыгат. Авангарддык көркөм искусстводо сүрөттөө экспрессивдүү деформацияларга, аналитикалык майдаланууга, ар кыл оюндук өзгөрүүлөргө туш болот. Кээ бир учурда абстракттуу көркөм искусстводо көркөмдөлүп сүрөттөлүштү толук сүрүп чыгууга чейин барат. Көркөм искусство м-н реалдуу турмуштун ортосундагы чектердин жоюлушу же буга чейин көркөм искусство м-н сыйышпайт деп эсептелген тармакка кийлигишүү А. үчүн мүнөздүү формалар, коллаж, редимейд, инсталляция, энвайронментте ачык көрүнөт, аларда адамды курчап турган айлана-чөйрөгө тикелей кошулган көркөм искусствонун «ачык» чыгармалар программасы ишке ашырылат. 1960-жылдан баштап А. сүрөтчүлөрү көрүүчүнүн кабыл алуусунда болуп

«Көк түстүү композиция» фильминен кадр. Режиссёр О. Фишингер. 1925 (Германия).

жаткан ой трансформацияларын же чыныгы кыймылды пайдалана башташты (кинетикалык көркөм искусство, акционизм), көркөм искусствонун чөйрөгө кирип келиши, аны өз мыйзамына ылайык өзгөртүүсү А. сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылыктын аралаш (синтетикалык) формаларында (монументалдык живопись, монументалдык скульпторлук, дизайн, бакча-парктык көркөм искусство, интерьерди жасалгалоо, сценография, вит раж, керамика, килем ж. б.) да алардын активдүүлүгүн жөнгө салды. А. ыкмалары, анын ба-

JI. С. Попова. «Алданган күжхз» спекгаклинв декорацияга макет (Реж. В. Э. Мейерхольд, Актёрдун театры, Москва). 1922. А. А. Бахрушин атн. Борбордук театр музейи (Москва).

гыттары көз караштын көркөм чыгармачылыкка болгон максаттарынан (мис., практикалык, таанып-билүүчү, аң-сезимдүү жасалгалык ж. б.) бошотулган аракеттен, ал эми көркөм объектиге көнүп калган функция, байланыш, ассоциациялардан бөлөк турган предметтей кароосу м-н түшүндүрүлөт. Ошондуктан предметтин ал үчүн таптакыр башка чөйрөгө өтүшү көркөм акция болуп калган. Эң башынан эле өзүн өзү сүрөттөөгө, «искусстводогу искусство» жаратууга багыт алган. Формалдуу кабыл алуу, визуалдык формалар м-н ар кандай баскычтагы белгилердин өз ара мамилелеринин анализин ачып көрсөтүү А-дин өз алдынча милдеттеринен болуп калды. А. 20-кылымдагы аң-сезимдин өз алдынча активдүүлүгүн, адам м-н дүйнөнүн (психоанализ, логикалык позитивизм, лингвистикалык философия, гештальтпсихология, структурализм) өз ара мамиле тилинин, априордук ой жүгүртүүчү схемалардын, психикалык структуралардын чечүүчү ролун бекемдеген философиялык ж-а илимий теориялардын параллелин өз ичине камтыйт. Сүрөткерлер өздөрүнүн манифести м-н теориялык ой жүгүртүүлөрүндө мына ушуларга таянышкан.
Ад.: Курсанов А. Русский авангард, 1907-1932: В 3 т. М., 2003; Поломшток И. Искусство авангарда в портретах его представителей в Европе и Америке. М., 2004; Бирюков С. Е. Теория и практика русского поэтического авангарда. Тамбов, 1998; Художники сцены русского театра XX в. М., 2002. М. Карыбекова.