АЗИМОВ Розу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:20, 26 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗИ́МОВ Розу (22. 9. 1925, Жалал‑Абад обл., Сузак р‑ну, Кызыл‑Мехнат кыштагы – 2006, ошол эле жерде) – Сов. Союз. Баатыры (1944). Кырг‑н КП БКга караштуу респ. парт, мектепти (1951), Жалал‑Абад пед. окуу жайын (1965) бүткөн.

АЗЙМОВ29.png

1943‑ж. Ташкенттеги аскер окуу жайынан Беларуссия фронтуна жөнөтүлгөн. 1944‑ж. 23‑июнда немецтик‑фашисттик армиянын Витебск багытындагы коргонуу линиясын түн.-батышынан бузуп өтүүдө жолдошторун эр жүрөктүүлүк м‑н чабуулга баштап барган. Ал баштаган жоокерлер 1944‑ж. 25‑июнда Батыш Двина д‑нан биринчилерден болуп өтүп, Витебскинин түштүгүнөн чабуул коюп бараткан З-Беларуссия фронтунун жоокерлери м‑н жолугушкан. Ошондо душман аскерлерин курчоого алып, талкалоодо эрдик көрсөткөндүгү үчүн А‑го Сов. Союз. Баатыры наамы берилген. Согуштан кийин колхоздун башкармасынын төрагасынын орун басары, майыптар үйүнүн директору ж.б. кызматтарда иштеген. Ленин, 1‑даражадагы Ата Мекендик согуш, 3‑даражадагы «Манас» ордендери м‑н сыйланган.