АЖЫРАШ АЯК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖЫРАШ АЯК – кыргыздардагы конуш кото­руп, бир жакка көчөрдө коңшуларын чакырып, колунда болгон тамак‑ашын берип, коштошуп кетүү салты. А. берип жаткан киши алар менен кошуна турган мезгилде өөдө‑төмөн болгондор­ду кечирүүнү, жаманды ичке сактап, жакшыны сыртка чыгарууну өтүнгөн. А. берген адамды ко­шуналар жаңы жерге чейин көчүрүшүп, жай­гаштырышып келишкен. А. бербей көчүү коңшуларын сыйлабагандык, теңсинбегендик, таа­рынгандык, коңшу турууга татыксыз деп эсеп­тегендик, а түгүл касташкандык болуп санал­ган. Бүгүнкү күндө да эл арасында А. берүү салты сакталып калган.