АКЦИОНЕРДИК КАПИТАЛ
Jump to navigation
Jump to search
АКЦИОНЕРДИК КАПИТАЛ ‒ акционердик коомдун негизги капиталы, ал көптөгөн жеке капиталдарды бириктирүү жана алардын акциялары менен облигацияларын сатуу аркылуу топтолгон. Иш жүзүндө А. к-ды акциялардын контролдук пакетине ээ болгон акционер тейлейт. А. к. негизинен эки жол менен жүзөгө ашырылат: 1) алынган пайданы капиталдаштыруу ; 2) жаӊы акцияларды чыгаруу.