АДОРНО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДОРНО Теодор (11. 9. 1903, Франкфурт‑на‑Майне, Герман империясы – 6. 8. 1969, Висп, Швейцария) – немец философу, социологу ж‑a композитор. Франкфурт мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн. Модернизм эстетикасына чоң салым кошкон. Монополисттик башкаруудан улам келип чыккан массалык мад‑т индустриясынын пайда болушун, мамилелердин стандартталышын сынга алган. Ал алгачкы эмгектеринде экспрессионисттик драма, музыканын «ландшафты», анын дүйнө таануудагы күчү, рационалдуулугу ж‑дө маанилүү ойлорду айткан. 20‑к‑дын 20‑ж‑нан баштап Франкфурт багытына ооп, коом ж‑дөгү бардык теорияны сынга алат, бирок марксизмге жактыруу менен мамиле кылган. Айрыкча андагы товардык фетишизм (сыйынуу, табынуу) концепциясына маани берет. «Агартуу диалек­тикасы» (1947) аттуу эмгегинде Батыш Европа­нын агартуучулугу, мад‑ты, музыкасы – «жолу болбогон цивилизация» тарыхы деп ырастайт.
Т. Эсенгелдиев.