АКЧА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЧА‒ жалпы эквивалент катары бардык товарлардын наркын көрсөтүүчү өзгөчө товар. А. товардык өндүрүштүн пайда болуу жана өнүгүү процессинде алгачкы коомдук түзүлүштүн аяк ченинде чыккан. Товар алмаштырууда А-нын, б. а. эквиваленттин милдетин ар түрдүү товарлар (мал, тери, туз ж. б.) аткарган, бара-бара ал А. талабын толук канааттандыруучу асыл металлга (алтын, күмүш) өткөн. А. товардык касиетин сактап калган, анткени ага керектөө наркы жана нарк таандык. А-нын башка товарлардан дагы бир өзгөчөлүгү ‒ ал бардыгына бирдей жалпы наркка ээ болуп, кандай товарга болсо да алмашылат. А. милдеттери: нарк чени; жүгүртүү-соода каражаты; байлык каражаты; төлөм каражаты; дүйнөлүк акча. А. чарбалык экономиканын жүгүртүү муктаждыгына ылайык белгиленген пландын негизинде чыгарылат.
Б. з. ч. 3-к-да хунндар А. ордуна күмүш бычакты пайдаланган, 1-к-да салык үчүн алтын, күмүш, куймаларды (тайтуяктарды) алып турган. Хунндар бир бетинде пехлеви, экинчи бетинде эфталит (түрк рун) жазуусу бар тыйындарды (б. з. ч. 6-к.) жасап, соода жүргүзүүгө киргизишкен. Жалпы түрк элдери, анын ичинде кыргыз эли Улуу Жибек жолуна орношкондуктан, б. з. ч. 2-к-дын аягынан кыргыз жери аркылуу батыш менен чыгыш өлкөлөрү соода жүргүзүшкөн. Ошондуктан респ-нын аймагынан кытайдын «ушу», кушандык, парфияндык, сасаниддик дирхемдери жана византиялык исолиди, кытайдын цяни, согдулардын тыйыны, 6‒8-к-дын аралыгында жез, коло, күмүш тыйын акчалар Суяб, Акбешим ш-ларында чыгарылып турган. Исфиджаб ш-нда атайын акча чыгаруучу сарайы болгон. О. эле Карахандардын тушунда чыгарылган динарлар тарыхый эстеликтерди казууларда табылган.
«Манас» эпосунун миӊ жылдык юбилейине арнап чыгарылган «Манас ‒ 1000» тыйыны кыргыз элинин тарыхындагы биринчи тыйыны болуп эсептелет. 1993-жылдын 10-майынан КРде өз акча банкноттору чыгарыла баштады. Бир сомдук банкнотко комп. А. Малдыбаевдин, 5 сомдукка ‒ бийчи Б. Бейшеналиеванын, 10 сомдукка ‒ окумуштуу К. Тыныстановдун, 20 сомдукка ‒ акын Тоголок Молдонун, 50 сомдукка‒ Курманжан датканын, 100 сомдукка ‒ акын Т. Сатылгановдун, 200 сомдукка ‒ акын А. Осмоновдун, 500 сомдукка ‒ манасчы С. Каралаевдин, 1000 сомдукка ‒ ойчул Ж. Баласагындын сүрөтү түшүрүлгөн. Банкноттор ак кагазга басылып, ар бири өзүнчө түскө, суу белгилерине, «Кыргыз банкы» микротексттүү коргоо тилкесине, люминесцияланган түссүз тилкелерге ээ, к. Сом. А. Кулов.