АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР – айланма фонддор­дун жана жүгүртүү фонддорунун акчалай туюнт­масы. А. к‑га өндүрүш запастары, бүтө элек өндүрүш, даяр продукция, накта акча каражаты жана эсептеги каражат кирет. Кайталап өндүрүү процессинде А. к. бир эле учурда өндүрүш чөйрөсүн жана жүгүртүүнү камтуучу өндүрүш фонддорунун түрдүү баскычтарында жана түрдүү формасында айланат. Калыптануу булактары­на жараша А. к. өздүк жана насыя болуп бөлүнөт.