АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:25, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР – айланма фонддор­дун ж‑а жүгүртүү фонддорунун акчалай туюнт­масы. А. к‑га өндүрүш запастары, бүтө элек өндүрүш, даяр продукция, накта акча каражаты ж‑а эсептеги каражат кирет. Кайталап өндүрүү процессинде А. к. бир эле учурда өндүрүш чөйрөсүн ж‑а жүгүртүүнү камтуучу өндүрүш фонддорунун түрдүү баскычтарында ж‑а түрдүү формасында айланат. Калыптануу булактары­на жараша А. к. өздүк ж‑а насыя болуп бөлүнөт.