АВТОТРАНСФОРМАТОР
АВТОТРАНСФОРМАТОР(авто ... жана трансформатор) ‒ төмөнкү чыӊалуудагы оромосу менен жогорку чыӊалуудагы оромосу гальваникалык байланышта жасалган электр трансформатору. Демейде А-дун экинчи оролмосу биринчи оролмонун бир бөлүгү катары кызмат кылат. А-дун өзгөртүүкоэфф-и n=U1/U2= W1/W2, мындаU1 ‒ жогорку чыӊалуу, U2 ‒ төмөнкү чыӊалуу, W1 жана W2 ‒ А-дун оромолорундагы оромдорунун саны. Өзгөртүү коэфф-и кичине болгондо А. кадимки трансформаторго караганда жеӊил жана арзан болот. А-дун кемчилиги ‒ биринчилик жана
экинчилик тизмектеринин гальваникалык байланышы. Жүгү барда жөндөлүүчү аз кубаттуулуктагы А-дун алгы чекитин жылдыруу менен экинчилик чыӊалууну кеӊири чектерде өзгөртүүгө болот. Ал башкаруу тизмектеринде, автоматтык түзүлмөлөрдө жана тажрыйба орнотмолорунда колдонулат. Кубаттуу А-лордо чыӊалуу кадимки трансформатордогудай эле жөндөлөт. үч фазалуу же бир фазалуу тайпадан жасалат. Ж. А. Апышев.