АВТОМАТТЫК КАТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТЫК КАТАР (орусча Автоматическая линия) ‒ буюмду же анын бөлүгүн толук жасоо үчүн иштелүүчү бардык операцияларды белгилүү технол. ыраат менен автоматтык түрдө аткаруучу машиналардын, негизги жана көмөкчү жабдуулардын системасы. Алгачкы А. к. 20-к-дын башталышында технол. процесс жабык автоматтык режимде гана өтүүчү бир катар өндүрүштө пайда болгон. 1930-жылдарда агымдык өндүрүш ыкмасы менен иштеген машина куруучу ишканаларда (эӊ башкысы мех. цехтерде) тестер (станоктор) ортосунда жылдыруу үчүн транспортерду пайдалануу менен иштетүүнүн удаалаштыгына туура келүүчү мурда иштеп жаткан жабдуулар жайгаштырылган. А. к-ды куруу, ишке киргизүү ‒ өндүрүштү автоматташтыруунун негизги этаптарынын бири. Мында сырье берүү, металл эритүү, тетик куюу, аны термиялык, мех. жана дат баспагандай иштетүү, сапатын текшерүү, даяр продукцияны ороп, яшиктерге салып жөнөтүүгө чейинки бүт процесс толук автоматташтырылат. Белгилүү формадагы жана өлчөмдөгү буюмдарды иштетүүгө арналганы ‒ а т а й ы н, ал эми параметрлери бирдей болгон бир түрдүү буюмдарды иштетүүгө арналганы а т а й ы л а ш т ы р ы л г а н А. к. деп аталат. Булар негизинен массалык өндүрүштө, ал эми тез өзгөртүлүүчү у н и в е р с а л д у у А. к. сериялык өндүрүштө колдонулат. Алар өндүрүштүн көлөмүнө, технол. процесстердин түрүнө жараша жайгаштырылып, ж а р ы ш а жана у д а а л а ш иштөөчү А. к. болуп бөлүнөт. Иштетилүүчү тетиктерди бир орундан экинчисине жылдыруу үчүн, атайын транспорт системасы пайдаланылат. Буюмдун конструкциясына, формасына жана өлчөмүнө карата транспор тёр кадамдуу, штангалуу, грейфелүү, чынжырлуу ж. б. болуп жасалат. Булар көбүнчө чоӊ буюмдарды иштетүүчү А. к-да колдонулат. Ад.: Шаумян Г. А. Автоматы и автоматические линии. 3-е изд. М., 1961; Металлорежущие станки и автоматы . Под ред. А. С. Проникова. М., 1981; Схиртладзе А. Г., Новиков В. Ю. Технологическое оборудование машиностроительных производств. М., 2002.