АВТОМАТТЫК ЖӨНДӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТЫК ЖӨНДӨ‒ техӨнол. процессти мүнөздөөчү берилген чоӊдукту өзгөртпөй кармап туруу же аны адамдын түздөн-түз катышуусу-

Цилиндр түрүндөгү тиштүү дөӊгөлөктү иштетүүчү типтүү автоматтык катар: а ‒ сырткы көрүнүшү; б ‒ технологиялык процесстин схемасы: 1 ‒ сомдомо, 2 ‒ биринчи токардык иштетүү, 3 ‒ экинчи токардык иштетүү, 4 ‒ керүү, 5 ‒ токардык таза иштетүү, 6 ‒ чанак, 7 ‒ фрезерлөө, 8 ‒ тишти матоо, 9 ‒ шевингалоо, 10 ‒ даяр тиштүү дөӊгөлөк.

суз белгилүү закон б-ча өзгөртүү жолу. А. ж. жөндөлүүчү объектинин абалын өлчөп, анын жөндөөчү бөлүгүнө таасир берүү менен жүргүзүлөт. Бул үчүн жөндөлө турган орнотмого жөндөгүч туташтырылат. А. ж-нүн негизги принциптери: а) кыйшаюу б-ча жөндөө (Ползунов ‒ Уатт принциби); б) жүк б-ча жөндөө (Понселе принциби); в) айкалыштырылган жөндөө. Жөндөгүчтүн жөндөөчү бөлүккө тийгизүүчү таасиринин кириш чоӊдуктарына көз карандылыгынын матем. жазылышы жөндөөнүн закону же алгоритми деп аталат. Жөндөө системасынын калыптанган кыймыл жана өтмө процесс деген негизги эки режими бар. Эгер жөндөгүчтүн жөндөөчү бөлүккө таасири кыйшаюуга гана көз каранды болсо, жөндөлүүчү чоӊдук жүккө көз каранды болот. Мындай системада дайыма статикалык ката кетет. Бирок ар түрдүү байланыштардын жардамы менен статикалык катасы жок жөндөө системасын да түзүүгө болот. Алгачкы жөндөгүчтөрдүн өлчөгүч бөлүктөрү жөндөөчү бөлүккө таасир бере тургандай кылып жасалган жана түз аракеттүү деп аталып, кубаттуу машинелерде колдонулган. Кийин кыйыр аракеттүү, релелүү терс байланышы бар жөндөгүчтөр чыгарылды. Андан соӊ реле байланышы үзгүлтүксүз дифференциалдык байланыш менен алмашылды. Мындай терс байланышы бар жөндөө и з о д р о м д у к жөндөө деп аталып, өнөр жайда кеӊири таралган. Жөндөгүчтөрдө электр элементтеринин колдонулушу жөндөөнүн алгоритмдерин жакшыртып, импульстук жана релелүү жөндөөнү өркүндөттү. Чөйрөнүн өзгөрүшүнө ылайыкталган өзү күүлөнүүчү А. ж. системалары (экстремалдуу жөндөгүчтөр) пайда болду.