АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУНУ к о м п ь ю т е р д е ‒ башкаруучунун кесиптик милдетин аткарууда керек маалыматтык ресурстардын, программалык-тех. жана уюштуруу-технологияларынын, жеке же туташтырылган коллективдик колдонуу каражаттарынын тутуму. Ал компьютер негизинде түзүлүп, тиешелүү жабдууларды, программалык жабдыктарды камтыйт. А. ж. о-нун жардамы менен кызматкер текстти иштетет, кабар алат жана аны жиберет, кеӊешмелерге катышат, документтердин өздүк архивин уюштуруп, алып жүрөт, эсептөөлөрдү аткарат жана жыйынтыгын жадыбал же график түрүндө алат. Адм.-башкаруучунун, конструктор же долбоорлоочунун, архитектордун, бухгалтердин ж. б. А. ж. о-дары кеӊири белгилүү.