АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ(АБС) ‒ башкарылуучу объект менен автоматтык өлчөөчү жана башкаруучу түзүлмөлөрдүн жыйындысы. Тех. куралдардан түзүлгөн башкаруу системасынын бир түрү. Анда тех. түзүлмөлөрдү колдонуу менен башкаруу, маалымат чогултуу процесстерине адамдын кол жана акыл эмгеги пайдаланылбайт. Автоматтык башкаруу системасынан айырмаланып, бул система да жалаӊ тех. каражаттар менен толук автоматташтыруу жүргүзүлбөйт. Бул системада кошумча түрдө оператор, тескөөр (диспетчер) ж. б. тейлөөчү адамдардын эмгеги колдонулат, б. а. адам бир функциялык элемент катары кызмат кылат.Мындагы АБСны уюштуруудагы негизги маселе бул, андагы оператор-адамга таандык мыкты каситтерди тех. процесстерге, долбоорлоо иштерине кеңири колдоно билүү. АБСны түзүүдө матем., программалык, тех. каражаттар жана уюштуруу маселелери каралат. Анын негизин ЭЭМ түзөт. Ж. И. Батырканов.