АБДЫЛДА Дөөлөт уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДА Дөөлөт уулу (1899, Ош обл., Өзгөн р-ну, Алга айылы – өлгөн жылы белгисиз) – манасчы. «Манас» айтууну жездеси Казыбай устадан үйрөнгөн. Ал дастандын көп эпизоддорун билген жана мыкты айткан. 1966–70-ж. Абдылда Беки уулунан «Манас» эпосунун айрым эпизоддору (2427 сап ыр) жазылып алынган. Бул эпизоддор негизинен Манас жана анын кырк чоросу менен Алмамбеттин таанышышы, Алмамбеттин аларга кошулушу, Алмамбеттин кеңеши боюнча Манастын Каныкейге үйлөнүшү, алардын шаан-шөкөт менен Таласка көчүшү сыяктуу окуялардан турат. 1970-ж. Абдылдадан «Көкөтөйдүн ашы» (көлөмү 32 бет) жазылып алынган. Эпизод Көкөтөй өлүп, кара ашын берип, ага күмбөз салдырып, эми чоң ашын беребиз деген кеңештен башталат. Окуя ашка даярданып, Манас чоролорун ээрчитип, жолго чыгышы менен бүтөт.