АВТОКАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОКАР(авто жана англ. саr ‒ кол араба), а в т о а р а б а ‒ жүк салынуучу секичелүү (платформалуу) кыймылдаткычы бар өзү жүрмө араба. 5 тга чейинки майда жүктү кыска аралыкка 20 км/с ылдамдык менен ташууга арналган. Сактоочу жайда (склад) жүктү жүктөп-түшүрүү жумуштарын механизациялаштыруу үчүн жана з-д аймагында, транспорт, темир жол тармагында, портто, ири кампаларда ж. б. пайдаланылат. Кыймылдаткычы катары ичинен күймө кыймылдаткыч колдонулат. Ал айрым учурда көтөрүүчү секичелер, жүктөгүчтөр ж. б. менен жабдылышы мүмкүн. 1960-жылдардан баштап электркар деп аталган аккумулятор батареясы аркылуу кыймылга келүүчү А. колдонула баштаган.