АВТОЖООПБЕРГИЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:23, 5 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОЖООПБЕРГИЧ (авто... ж-а жоопбергич) ‒ абонентке телеграфтык байланыш каналы б-ча кыскартылган же шарттуу аталыштарды өзүмдүк кылып автоматтык жооп берүүчү түзүлмө. Ал абонент ордунда жок болсо деле билдирүүлөрдү берет. Чакырып жаткан абонент м-н байланыштыруунун тууралыгын текшерүү үчүн абоненттик телеграфтоо станциясы аркылуу чакырып жаткан абонент байланыштын алдында ж-а бүткөндө старт токтоткуч аппаратынын клавиатурасынан «бул ким» суроо клавиатурасын басат. Ошол учурда чакырып жаткан абоненттин байланыш кабели б-ча анын фамилиясын, номурун же чакырып жаткан абоненттин шарттуу аталышын камтыган жоопту автоматтык түрдө билдирет.