АК ТАШ (КАРА-КУЖУР) ДОЛОМИТТҮҮ МРАМОР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАШ (КАРА-КУЖУР) ДОЛОМИТТҮҮ МРАМОР КЕНИ Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Сары-Булак кыш-нан 56 км чыгышта. Балыкчы темир жол бекетинен кенге чейинки аралык 154 км. 1948-ж. табылып, 1980‒81-ж. геол. чалгындоо иштери аткарылган. Доломиттүү ак мрамор жогорку протерозой заманында пайда болгон. Мрамор чыгыштан батышка 400 мге созулуп жатат, туурасы 300 м. Мрамор майдаланган түрдө декорациялык оор бетондо жана курулуш иштеринде колдонулат. Запасы А+В+С1 категориясы б-ча 2994 миӊ м3.