АДВОКАТУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДВОКАТУРА – жарандарга жана уюмдарга укуктук жактан жардам көргөзүү, сот ж. б. органдарда алардын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн атайын ин‑т. А‑нын алгачкы фор­малары байыркы Грецияда эле белгилүү болгон, сот процессинде соттошкон тараптардын сөзүн жазып берүүнү кесип кылышкан – логографтар­дын пайда болушуна алып келген. Байыркы Римде сотто жактардын коргонуусун тууганда­ры, достору жана белгилүү патрицийлер (патрон­дор) аткара алышкан. Кийинчерээк патрондор башкаларга да укуктук жардам бере баштаган: кардарларын сотто коргогон, мыйзамдарды тү­шүндүрүшкөн, кеңеш беришкен, келишим түзүүгө жетекчилик кылышкан. Бара‑бара адвокаттык ишмердүүлүк кесип катары болуп калган. Би­лимдик ценз, экзамендер киргизилген. Адвокат­тар катталып, алардын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынган. Феодалдык доордо А‑нын ишмердүүлүк чөйрөсү бир нече жолу өзгөргөн. Алгач адвокат­тын ролу өтө эле чектелген болсо, 13–14‑к‑да Батыш Европада адвокаттык сословиелер пайда болгон. А‑нын андан ары өнүгүшүнө бурж.­ демокр. кайра куруу процессинде адамдын негизги укугу, эркиндиги жана жарандуулугу тууралуу, о. эле ачык сот ж‑дөгү иштелип чыккан жоболор ж. б. чоң роль ойноду. Кырг‑н СССРдин курамындагы мезгилде А‑нын укуктары жана милдеттери «Кыргыз ССРинин адвокатурасы жөнүндөгү» жободо (1961) белгиленген. Учурда алардын уюмдарга биригиши КРдин «Коомдук бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамынын жоболо­руна ылайык жүргүзүлөт. А‑нын тизмесинде турган адвокат КРдин бүткүл аймагында, о. эле тиешелүү ошол мамлекеттин мыйзамдарында чектөөлөр жок болсо, чет өлкөдө да жардам көрсөтүүгө укуктуу. А‑нын негизги милдеттери: адвокаттык кызматты жүзөгө ашыруу кезинде уюмдардын мүчөлөрүнө, укуктук коргоого мук­таждарга жардамдашуу, квалификациялык көмөк көрсөтүү жана аларды коргоо; алардын ишиндеги ар бир маселеге туура мамиле жасоо, үн жазма ж. б. материалдык‑тех. куралдар менен камсыз кылуу, алардын иштерине байкоо, көзөмөл жүргүзүү, текшерүү иштерин уюштуруу. Тергөө жана сот органдарынын алдын ала белги­леген убакыты б‑ча мыйзамдуу жардам көрсөтүү, коргоо иштерин уюштуруу. Респ‑да, облустар­да, райондордо, шаарларда адвокаттар колле­гиясы, юрид. консультациялар уюштурулган. А‑нын жогорку органы жалпы жыйналыш же конференция, ал уюмдун курамын аныктап, президиум шайлайт. А. жарандардын, ишкана­лардын, мекемелердин, о. эле уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, мыйзамдуулукту чыңдоого көмөк көр­сөтөт.

Ч. И. Арабаев.