АДАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАТ (ар. каада, салт, үрп‑адат) – тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө узак мезгил ичинде калып­танган, калктын көпчүлүгү үчүн өнөкөткө ай­ланып, муундан‑муунга өтүп келаткан, коом­дук пикир менен корголгон улуттук, элдик, этни­калык алакалар эрежелери. Ал мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөйт, коомдук пикирдин күчү менен аткарылат жана сакталат. «Постиндустрия­лык» заман талабына жараша жаңы A‑тар ка­лыптанууда.