АДИГИНЕ-ТАГАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (9)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДИГИНЕ-ТАГАЙ – санжырада айтылган оң канат урууларынын айрымдарынын түпкү ата­лары. Санжыра б‑ча кыргыз уруулары – оң канат, сол канат жана ичкилик топторуна бөлүнөт. Долон бийдин бир уулу Ак уул, анын Адигине, Тагай, Муңгуш аттуу уулдары жана Наалы деген кызы болгон. Алардын тукумдары оң канат урууларына кирген. Адигине менен Тагай бардык кыргыз урууларына саясий бийлик жүргүзгөн­дүгүнө байланыштуу оң канат урууларын А.-Т. уруулары деп атап калышкан. Уламыш б‑ча Адигине, Тагайдын ата‑энеси эрте дүйнөдөн кай­тып, аларды эжеси Наалы багып чоңойтот. Экөө тең эр жүрөк баатыр болуп чоңоёт, бирок Ади­гиненин мүнөзү жоош, ал эми Тагай кичинеси­нен эле чыйрак чыгат. Муну жакшы билген Наалы эже: «Адигине малга жакынсың, сен чарбага көз сал, Тагай болсо элге жакын, ал эл бийлесин» – деп бийликти Тагайга берген экен. Ошондон тартып Тагай бий аталып, кыргызды башкарып калат. Б. Солтоноевдин маалыматы б‑ча Адигине, Тагай 15‑к‑дын экинчи жары­мы – 16‑к‑дын биринчи жарымында жашап өткөн инсандар. Кыргыз уруулары А.-Т. урууларына бөлүнгөндүгү тууралуу алгачкы жазма маалыматтар 16‑к‑га таандык Аксыкентинин «Мажму ат‑Таварих» чыгармасы аркылуу бизге жеткен. Андагы маалыматтар б‑ча оң канат урууларынын «отуз уул тобун» адигине, тагай, муңгуш жана карабагыш уруулары түзөт: кыргыз санжырасында А.-Т. урууларына жалпы оң канат уруулары киргизилет. Тагай уруулук би­рикмесинин курамы: солто, сарыбагыш, жеди­гер, багыш, бугу, саяк, азык, черик жана моңол­дор урууларынан турат. Адигине бирикмесине: баргы, бөрү, жору, сарттар жана карабагыш уруулары кирет. А.-Т. уруу бирикмесинен сырткары оң канатка муңгуш уруу бирикмеси да кирип, алар жагалмай тамга жана кош тамга деп аталган эки ири уруу тобуна ажырайт. Бул уруу топторунун ар бири өз курамына 6–7 урууну камтып турат. А.-Т. бирикмесиндеги уруулар негизинен Кырг‑ндын түн., борб. жана түш.-чы­гыш аймактарында, о. эле Кытай Эл Респ‑нын батыш аймагындагы Теңир‑Тоонун этектеринен орун алышкан. Ош обл‑нун Кара-Кулжа, Өзгөн, Алай, Кара‑Суу жана Ноокат р‑ндорунун көпчүлүк жерлеринде, о. эле Кытай­дагы Кызыл‑Суу кыргыз автономиялуу обл‑нда адигине уруулары, тагай уруулары болсо Талас өрөөнүнөн сырткары Түн. Кырг‑ндын бардык аймактарында, Жалал‑Абад обл‑нун Тогуз‑Торо,Токтогул, Аксы, Ала‑Бука жана Сузак р‑ндору­нун айрым жерлеринде отурукташкан.

Р. Жолдошов.