АДЖАНТА
Jump to navigation
Jump to search
АДЖАНТА – Бат. Индияда Вахор д‑нын өрөөнүндөгү аскага чегилип жасалган будда монастырынын үңкүр комплекси. Анда чайттардан (храм) жана вихарлардан (келье) турган 30га жакын жайлар курулган. А‑дагы эстеликтер негизинен б. з. 4–5‑к‑на, ал эми 5 залы (ошол мезгилдеги дубалга тартылган сүрөттөрдүн бир бөлүгү сактальш калган) б. з. ч. 2–1‑к‑га таандык.
А. үңкүрү айбанаттар жана өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү, о. эле буддалык уламыштардан алынган мотивдер менен кооздолуп, скульптура менен архитектуранын бирдиктүү айкалышынан турат. А‑дагы кайталангыс оймо‑чиймелер, турмуштук байкоолорго, өткүр фантазияга жана композициялык көркөмдүккө бай кооздугу Индиянын ошол кездеги көп жактуу турмушун чагылдырат.