АГРАРДЫК УКУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРАРДЫК УКУК, а й ы л ч а р б а у к у г у ‒ бири-бири менен өз ара тыгыз байланышкан жер, мүлк, эмгек жана уюштуруу-башкаруу мамилелерин жөнгө салуучу комплекстүү укук тармагы. А. у-тун предметин өз ара ажырагыс болуп байланышкан агр. мамилелердин комплекси түзгөндүктөн, аны жөнгө салуу да ар түрдүү. А. у-тун өзгөчө объектилерине: а. ч. жана агр. бирикмелеринин жана алардын кызматкерлеринин укуктук статусу, а. ч. ишканаларынын жер пайдалануу укугу, ушул ишканаларда өндүрүштү, эмгекти уюштуруу, укуктук жактан жөнгө салуу б-ча алардын мүлкүнө тиешелүү укук режими, өндүрүштүк, чарбалык, финансы иштерин жөнгө салуу, а. ч. ишканалары менен бирикмелеринин келишим түзүү жагынан мамилелери, а. ч. ишканаларынын мүлкүнө зыян келтиргени үчүн жоопкерчилик, а. ч. ишканалары менен бирикмелердин жана башкалардын кызматкерлеринин көмөкчү чарбаларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу сыяктуу юрид. нормалар кирет. А. у. илимдин тармагы катары а. ч-сынын укуктук маанилүү проблемаларын илимий жактан иштеп чыгууга, о. эле мыйзам актыларын бир системага салууга мүмкүнчүлүк берет.

А. Апышев.