АК-СУУ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ ӨРӨӨНҮ Тескей Ала-Тоонун түн. капталында. Ак-Суунун эки айрыгы ‒ Алмалы (оӊ) жана Алтын-Арашан (сол) өзөндөрүнөн орун алган. Чыгышында Ичке-Жергез, Бууракан, батышында Каракол, Жыланды тоолору (Тескей Ала-Тоонун тармактары) жатат. Уз. 60 км, туурасы 20 м ‒2,5 км, орт. бийикт. 2000‒3900 м, капталдары тик (30‒40°), айрыкча өрөөндүн оозу, Ортоктун эки жагы (Кептеш, Тайгак-Таш) 60‒70°, таманы кууш (20‒50 м). Алмалынын баш жагы (3500‒4100 м) мөӊгүлүү, зоокалуу келип, тепши сымал; ортонку бөлүгү (2400‒3500 м) кенен, төмөн жагы (2100‒2400 м) кууш капчыгай, Алмалы суусу чулу гранит тегин кесип, шар агат. Алтын-Арашан меридиан багытында жатат, баш жагы мөӊгүлүү, мореналуу, ортонку бөлүгү тепши сымал, аягы кууш (каньон), өрөөн эрозиянын натыйжасында пайда болгон; ал гранит, кумдук жана акиташ тектеринен турат. Климаты континенттик, июлдун орт. темп-расы 13‒14°С, январдыкы ‒7...‒9°С. Жылдык жаан-чачыны 500‒800 мм. Мөӊгүлөрү: Кашка-Суу, Алтын-Арашан, Ашуу-Суу, Алмалы ж. б. Ири суулары: Алтын-Арашан, Алмалы, алардын куймалары: Ашуу-Суу, Кашка-Суу, Шаркыратма, Айланма. Өрөөндө боз, күрөӊ жана шалбаа топурактары басымдуу. Алтын-Арашандын төмөнкү жана ортонку бөлүгү калыӊ карагайлуу. Алмалыда карагай токой Ортоктун үстүнөн жогору карай 30‒35 кмге созулат. Тескейи карагай черлүү; бадалдуу карагайдын арасында четин, шилби, терек, тал, ит мурун өсөт. Арча, табылгы жана бадал өсүмдүктөрү Алмалынын эки өйүзүн теӊ ээлейт. Өрөөндө карагайдын бийикт. 30‒35 м, жоондугу 0,8‒1,5 мге жетет. Мындай карагайлар Кырг-ндын башка аймактарында сейрек кездешет. Өрөөн кооз жана ысык булактары бар; малга жайлуу.