АБДРАИМОВА Роза Асан кызы
АБДРАИМОВА Роза Асан кызы (28. 2. 1957, Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы – 23. 7. 2020, Бишкек) – педагог, педагогика илимдеринин доктору (1998). Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыкалык факультетин бүтүргөн (1978). Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда улук окутуучу (1978-91), КРдин Украинадагы өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси (1992-97). Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Дипломаттык академиясын бүтүрүп, «Тышкы саясат магистри» даражасын алган (1998). 1997–2002-жылдары КРдин Тышкы иштер министрлигинде, КРдин Билим берүү министрлигинде, КРдин Премьер-министринин Аппаратында иштеген. 2002–2007-жылга чейин Жайыл райондук администрация башчысынын орун басары. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты (2007–2010). «Кенже жаштагы мектеп окуучуларын үй-бүлөдө кыргыз этнопедагогикасын пайдаланып тарбиялоо» сыяктуу бир нече илимий эмгектери жарык көргөн.