АЖАЛ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖАЛ ӨРӨӨНҮ (Death Valley) – Чоң бассейн­дин түш. бөлүгүндө жайгашкан тоо аралык ой­дуң. Мохаве чөлүндө (АКШ). Уз. 250 кмдей. Түндүк Американын эң чуңкур (деңиз деңг. 86 м төмөн жайгашкан) жери, суусуз ойдуң. Батыш жарым шардагы эң ысык жер; анда абанын темп‑расы 56,7°Сге чейин ысыйт. 1849‑ж. алтын издөөчүлөр тобу суудан өксүп каза табышынан улам ушундайча аталган.