АДДИСОН ООРУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДДИСОН ООРУСУ (коло оорусу) – бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын эки жактуу бузулушу, анда гормондордун синтезеделиши төмөндөйт же толук токтойт. Бул ооруну англ. врач Т. Аддисон бөйрөк үстүндөгү бездин алгачкы өнөкөт жетишсиздиги катары 1855-ж. толук сыпаттаган. Эгерде бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышы патол. процесстин кесепетинен 90%ке жабыркаса, клиникалык жактан байкалат. Мурдагы учурда туберкулез А. о-нун негизги (оорунун 80% учуру) себеби болуп эсептелген. Бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын эки жактуу бузулушунун башка патол. процесстери (бластомикоз, амилоидоз, гистоплазмоз, гемохроматоз ж. б. ) өнөкөт жетишсиздигинин себеби болуп эсептелет. А. о. көбүнчө (50%) бөйрөк үстүндөгү бездин алгачкы же идиопатиялык атрофиясынын кесепетинен болот. Бөйрөк үстүндөгү бездин функциялык клеткаларынын даана атрофиясында лимфоиддик инфильтрация жана фиброза тканынын массасынын чоңоюушу байкалат. Бул учурда бөйрөк үстүндөгү бездин негизги (мозговой) катмары жабыркабайт. А.о-нда оорулуунун булчуң иши начарлайт, табити бузулат, арыктайт, териси гиперпигментацияга учурайт (оорулуулардын 90%инде, ошондон улам экинчи аталышы–коло оорусу). О. эле, артериялык гипотензия, гиперкалиемия, гипонатриемия, бир аз ацидоз жана азотемия ж. б. мүнөздүү. А. о. менен жабыркагандар кортикостероиддерди, тузду (натрий хлоридин) жана аскорбин к-тасын такай колдонушу керек. Оорунун эрте диагнозу жана адекватту терапия жакшы жардам берет.