АДАПТАЦИЯ
АДАПТАЦИЯ (лат. adaptatio – ыңгайлануу), б и о л о г и я д а – белгилүү бир биол. түрдүн морфофизиол., жүрүш‑туруштук, популяциялык ж. б. өзгөчөлүктөрүнүн чөйрө шартына ыңгайланышы. Түрдүн особдорунун жашоосунун бардык тепкичтеринде А. калыптана берет. А. жашоо шартынын ар кандай өзгөрүүсүндө организмдин тирүү калышын камсыз кылат. Жалпы ж‑a жеке А. болуп экиге бөлүнөт. А‑нын эвол. өрчүп‑өнүгүү механизмдери – биологиянын бирден бир борб. проблемасы. А. тукум куугучтуктун негизинде онтогенездик өзгөрүүлөрдүн, узак убакыт тандалуунун ж‑a мутациянын натыйжасында ишке ашат да, организмдин клеткалары менен ткандарынын кээ бир тиричилик аракеттери өзгөрүлүп, чыдамдуулугу арта баштайт. Тиричиликтин тарыхый өсүү жолунда организмдин начар клеткалары жоголуп, күчтүүлөрү өөрчүп, чөйрөгө жараша табигый өзгөрүүлөрдүн натыйжасында А. пайда болот. Жаныбардын, өсүмдүктөрдүн органдары менен клеткаларынын түзүлүшүндө ж‑a функциясында жашоо шартына ылайык өзгөрүүлөр дайыма болуп турат. Мис., А‑нын натыйжасында жарганаттын алдынкы буттары учууга, момолойдун алдынкы буттары кыска келип жер казууга, маймыл, тыйын чычкандардын дене түзүлүшү, колу‑буттары даракка чыгууга, бутактан бутакка секирип жүрүүгө ыңгайланган. Сууда жашоочу сүт эмүүчүлөрдөн киттин буттары сүзгүч канатка айланган. Белгилүү өсүү шарттарга жараша өзгөрүүлөр өсүмдүккө да мүнөздүү. Көп өсүмдүктөрдүн гүлү курт‑кумурска ж‑a канаттуулардын кээ бир түрлөрү аркылуу чаңдашууга ыңгайланган. Туздуу, кумдуу, чополуу, таштуу жерлерде өскөн өсүмдүктө ар кандай морфол., физиол., анат. жана биохим. өзгөрүүлөр болот. 19‑к‑дын 2‑жарымында Ч. Дарвин эвол. теорияны ачкандан баштап, А. организмдеги туруктуу процесс болбостон, орг. эволюциянын үч фактору – өзгөргучтук, тукум куугучтук жана табигый тандалуунун натыйжасында пайда болуп өнүккөн процесс катары каралат. Ад.: Жученко А. А. Адаптивный потенциал культурных растений. Кишинев, Штиинца, 1988; Актуальные проблемы биологической науки, М., 1984.