АББАС I

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АББАС I (27. 1. 1571, Казвин – 19. 1. 1629, Исфакан) – Ирандын шахы (1587-жылдан), Сефевиддер династиясынан. Борборлоштурулган бийликти бекемдеп, түрктөрдөн эмес, отурукташкан ирандыктардан түзүлгөн жарандык бюрократиянын ролун күчөткөн. А. I Ирандын борб. райондорун чет жакадагы аймактардын жана багындырылган өлкөлөрдүн эсебинен чыңдаган. Анын тушунда мамлекеттин борбору Исфакан ш-на (1598) көчүрүлөт. Ирандын ички провинцияларына армян, грузин, азербайжан, курд кол өнөрчүлөрүн жана дыйкандарды күч менен жер которуштурган. Өлкөдө жолдор, каналдар, кербен сарайлар салынган, регулярдуу аскерлерди топтогон. Түркия менен согушуп, Закавказье, Ирак, Хорасандагы үстөмдүгүн калыбына келтирген жана Бахрейн а-н, Кандагарды жана Ормуз а-н басып алган. Ал Европа өлкөлөрүнүн мад-тына кызыккан, бир катар өлкөлөр менен соода жана саясий мамилелерди түзгөн. А-тын тушунда Иран көз каранды эместикке жетишкен жана өзгөчө күчтүү өлкөгө айланган.