АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ ‒ уяӊ жүндүү кой породасы. 18-к-да Англия, Испания жана Германиядан алып келинген меринос койдон Австралияда чыгарылган. Кийинчерээк алар франция рамбульеси жана америка вермонттору менен аргындаштырылып, дене түзүлүшү, жүнүнүн сапаты б-ча бири биринен айырмаланган бир нече типтеги уяӊ жүндүү койлор

АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ38.png

чыгарылган. Файн тибиндеги кой саксон мериносунан жакшыртылып алынган. Анча чоӊ эмес, жумшак жүндүү. Кочкорунун салмагы 70 кг, соолугу 35‒40 кг, жүнүнүн ичкелиги 70-сапатта. Мелүүн климаттуу жерлерде багылат. Кочкорунан 9‒10 кг (кээде 20 кгга чейин), соолугунан 4‒5 кг (айрымдарынан 10 кг) жүн кыркылат. Уяӊ жүндүү кыргыз коюнун асыл тукумун жакшыртуу максатында кочкорлору Кыргызстанга алынып келинген.