АВИАМОДЕЛЬ СПОРТУ
Jump to navigation
Jump to search
АВИАМОДЕЛЬ СПОРТУ – спорттун кеңири таралган түрү; учуучу моделдерди (самолёт, планер, вертолёт, ракета ж. б.) конструкциялоо жана даярдоо, ылдамдыгын, учуу узактыгын жана жогорку пилотаждык фигураларды аткаруу сапатын сыноону башкаруу б-ча мелдеш. Учуучу моделдердин 1-мелдеши 1905-ж. Францияда өткөрүлгөн. Ага планер моделдери гана катышкан. Эл аралык авиамодель комиссиясы 1923-ж. негизделген. Бул спорт б-ча мелдештер негизги категорияга бөлүнөт: эркин учуучу; айланып учуучу; радио менен башкаруучу. Дүйнөлүк чемпионат 1925-жылдан өткөрүлөт.