АБЕЛЬ Нильс Генрих

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:24, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБЕЛЬ Нильс Хенрик (5.8.1802, Финней, Ставангердин жанында – 6.4.1829, Фреланд, Арендалдын жанында) – норвегиялык математик. Христиания (Осло) ун-тин бүтүргөн (1825). Өз эмгектерин алгебрага, функционалдык анализге жана мат. анализге арнаган. Төртүнчү даражадан жогору тендеменин радикалдагы чыгарылышы жок экендигин далилдеген. Жалпы гиперэллиптикалык (абелдик) интегралдар теориясынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. 1826-29-ж. К. Г. Якобиге байланышпастан туруп эллиптика жана гиперэллиптика функциялар теориясын түзгөн. А. даражалуу катардьн жыйналуучулук теориясын андан ары өнүктүргөн, жалпы биномдук катардын жыйналуучулугун толук изилдеп бүткөн (1826). А-ге 1830-ж. Париж ИА жана немис математиги К. Г. Якобиге эллипсистик функциялар теориясын өнүктүргөндүгү үчүн атайын сыйл. ыйгарган. 2002-ж. Норвегия өкмөтү жана Норвегия ИА математика илими жаатында Абель сыйлыгын уюштурушкан. А. Чекеев, С. Токсонбаев.