АБУ ДУЛАФИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:18, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АБУ ДУЛАФИ Мисьяр ибн аль-Мухальхиль – аль-Хазражи Янбу-и – 10-к-дагы араб саякатчысы, географ ж-а акын. Ал Арабиянын түштүгүндө төрөлгөн. Алдынкы Азияны кыдырып, О. Азияга келген ж-а самани Эмир Насыр IIнин (914–943) тушунда Бухарадагы хан сарайында кызмат өтөгөн. А. Д. 942-ж. Бухарага келген Кытай өкүлүгүн коштоп, О. Азия, Чыгыш Түркстан, Тибет, Кытай, Индияны басып өтүп, Седжестан аркылуу «Ислам өлкөсүнө» кайтып келген. А. Д-тын «Рисала ал аввал» («Алгачкы кыскача кат»), «Рисала ал ухра» («Экинчи кыскача кат») геогр.-этногр. мазмундагы саякат баянын жазган. Караханиддер кагандыгынын алгачкы мезгилдеги тарыхын, мамлекеттин чыгыш бөлүгүндөгү аймактардын тарыхый-геогр. абалын ж-а ал жактагы уруулардын саясий-этникалык турмушун изилдөөдө анын эмгектери эң баалуу булактардан. Караханиддердин курамына кирген чигил, гуз, карлук ж-а кыргыздар ж-дө кызыктуу маалыматтар учурайт. А. Д. 942-ж. бир катар уруулардын ээликтерин кыдырып чыккан. Чигилдердин конуштарын кырк күн бою саякаттап, алардын али мусулман боло электигин, өз алдынча мамлекети жок ж-а аларды коңшу уруулар талап-тоноп, баш ийдиргенге аракет кыларын жазган. Кыргыздар тууралуу баяндап, алар тарууну, күрүчтү тамак-аш катары колдонорун ж-а төө этинен башка мал этинин баарын жей тургандыгын жазган. Алардын сыйынуучу үйү ж-а өз жазмасы бар, токтоолугу ж-а сактыгы м-н айырмаланышат, шам өзү өчмөйүнчө өчүрүшпөйт. Сыйынганда колдонуучу өзгөчө ыраат м-н сүйлөнүүчү тили бар. Асабасы жашыл түстө... падышасы элдин камын көрөт, калкы да аны урматташат. Падышалык такка жашы кырктан ашкан адам гана отура алат - деп, баяндаган. Акыркы маалыматтар 10-к-дагы Чыгыш Теңир-Тоонун ж-а Чыгыш Түркстан аймактарын жердеген кыргыздарга карата айтылган. А. Д-тын саякаты тууралуу үзүндүлөр Йакуттун «География сөздүгүндө» (10-к.) ж-а Казвининин космографиясында эскерилген. Автордук кол жазманын толук жыйнагы 1923-ж. Мешхед ш-нан табылган.
Ад.: Бартольд В. В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1996; Караев О. Арабские и персидские источники IX-XII вв. О киргизах и Киргизии. Ф., 1968; Караев О. История Караханидского каганата (X нач. XIII вв.) . Ф., 1983.
                                                                   Т. Асанов.