АБАНЫ КОНДИЦИЯЛОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБАНЫ КОНДИЦИЯЛОО– жабык жайда, транспорт каражатында ж. б-дагы абанын темп-расын, салыштырма нымдуулугун, тазалыгын, курамын, кыймыл ылдамдыгын адамдын өзүн жакшы сезишине жана технол. процесстер, приборлор менен жабдуулардын жакшы иштөөсүнө ылайыктап жана андай кырдаалды автоматтык жол менен кармап туруу. А. к.– абаны даярдап, ташып бөлүштүрүүчү жана анын мүнөздөгүчтөрүн автоматтык түрдө жөндөп, аралыктан көзөмөлдөп, бардык процесстерди башкарып туруучу тех. каражаттар жыйындысынан турган кондициялоо системаларында жүргүзүлөт. А. к. системалары борб. (бир нече бөлмөнү тейлейт) жана жерг. (бир бөлмөнү же анын бөлүгүн тейлейт), жыл бою жана жыл мезгилдеринде иштөөчү болуп бөлүнөт. А. к. системаларына бир, эки каналдуу, түз агуучу, тышкы гана абаны иштеп чыгып, аны жылдыруучу, тышкы жана ички абанын (кайра айлануучу) кошундуларын иштетүүчү тех. каражаттар кирет.