АВАР КАГАНДЫГЫ
АВАР КАГАНДЫГЫ – Борб. Азияда (4-к-дын аягы) ж-а Борб. Европада (6-к.) өкүм сүргөн түрк тилдүү көчмөн уруулар мамлекети. А. к-нын борбору алгач Монголиядагы Халха д-сынын боюнда жайгашкан. Кагандыктын бийлөөчүсү Шэлунун тушунда аскердик-аймактык реформалар жүргүзүлүп, мамлекеттин күч-кубаты чыңалган. Бирок, 552-ж. аварларга баш ийген башка түрк уруулары мамлекетти кыйратышкан. Авар урууларынын бир бөлүгү Корея м-н Түн. Кытайга, экинчиси батышка жер которгон. Батышка кеткен авар уруулары Каспий деңизинин түндүгү, Волга бою, Түн. Кавказды мекендеген гунн уруулары м-н аралашып, Византиянын чек араларына жакын кирип барган. 558-ж. Кандих башкарган алгачкы элчилиги Византияга келип, конуш сурап кайрылган ж-а союздаш болуу сунушун билдирген. Византия аварларды чыгыш славян урууларына каршы согушка пайдаланган. 567–568-ж. аварлар Византия, лангобард ж-а лепид урууларынын ортосундагы карама-каршылыктардан пайдаланып жерг. славян, герман ж-а роман урууларын багындырган ж-а Карпат ойдуңунун чоң бөлүгүн ээлөө м-н Паннонияда (азыркы Венгрия, Австрия, Югославиянын аймактары) борб. азиялык көчмөн уруулардын мамлекетин - А. к. негиздеген. Аны көрүнүктүү кол башчы Баян хан башкарган. Андан ары аварлар франктарга, славяндарга, лангобарддарга, Византияга жортуулдарды уюштурушкан. Алар Эльбадан Кавказга, Дондон Адриатикага чейинки аймактарга саясий таасирин тийгизип турду. 582-ж. аварлар Византияга караштуу Сирмий, 7-к-дын башында Далмация аймактарын басып алып, салык төлөп турууга мажбурлаган. Баян хан өлгөндөн кийин мамлекетте ички карама-каршылыктар күчөп, мамлекеттин алсырашына алып келген. 626-ж. аварлардын биргелешкен күчү Константинополдун алдында талкалангандан кийин, алардын экспансиясы токтогон. Улуу Карлдын франктарынын, болгар ханы Крымдын ж-а славян уруу бирикмелеринин соккулары астында 8-к-дын аягы – 9-к-дын башында А. к. кыйраган. Верден келишиминде (843-ж.) Улуу Карлдын мураскерлерине таандык деп белгиленген «Авар королдугу» ж-дө эскерилет. А. к-нын түш.-чыгыш аймактары Болгар падышалыгынын курамына кирген, айрым аймактарында славян саясий бирикмелери пайда болгон. Ошондон кийин аварлар Батыш Кара деңиз ж-а Дунай боюндагы элдердин курамына сиңип кеткен, к. Аварлар.
Ад.: Дацм Ф. История и археология авар. Материалы по археологии, истории и этнографии Таврии. Т. 9. Симферополь, 2002.