АГАТАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
‒ дарылануу га ж-а ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булагы. Ош обл-нун Кара-Суу р-нунда, Агатан суусунун Жазы суусуна куйган жеринде, деӊиз деӊг. 2500 м бийиктикте жайгашкан. Жерг. элге илгертен белгилүү. 1976-ж. бургулоо жумуштары жүргүзүлүп, геол. маалымат алынган. Булак чыккан жерде юра мезгилинде пайда болгон алевролит, сланец, чопо, кумдук тоотектери жатат. Алар бүктөлүүгө дуушарланып, кеӊдик багытта созулуп жаткан антиклиналды пайда кылган. Суу антиклиналдын түн. канатында гы тектон. жаракалардан агып чыгат. Суу тунук, туздуу, муздак (12°С), көмүр кычкыл газдуу (СО2‒ 0,1‒ 0,2 г/лге чейин). Бургулоо көзөнөгүнөн агып чыккан суунун чыгымы 0,5 л/сек, булактыкы ‒ 0,2 л/сек, аз минералдашкан. Курамы хлорит-гидрокарбонат-натрий-кальций лүү. Сууну ичүү жолу м-н ашказан, бөйрөк, боор ооруларын дарылоого болот.