АГА
Jump to navigation
Jump to search
‒ жашы улуу эркек тууганына кичүүлөрдүн урматтап кайрылышы, жалпы эле кичүүлөрдүн улууларды урматтап аташы. А. болуу кыргыз
дын үй-бүлөлүк мамилелеринде олуттуу парыз, өзүнөн кичүүлөр ж-дө кам көрүү, аларды ар кандай кокустуктардан сактоо чараларын алдын алуу жоопкерчилиги м-н жашоо. Акын Арстанбек Буйлаш уулунун ыр саптарында: «Агасы өлсө, не болот? Айтаарга сөзү кем болот. Иниси өлсө не болот, чабаарга камчы кем болот» ‒ деп айтылат.