БАРБАДОС.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

1968-ж. Б. Кариб эркин соода ассоциациясын (КАРИФТА) түзүүгө катышкан, анын базасында 1973-ж. Кариб коомчулугу жана Кариб жалпы рыногу (КАРИКОМ) пайда болгон. Ушул уюмдарга мүчө болгон мамлекеттердин ортосундагы бажы тоскоолдуктарын жоюп, башка өлкөлөрдөн ташылып келген товарларга бирдиктүү пошлиналарды (алымдар) белгилеген. 1995-ж. Б. Кариб өлкөлөрүнүн ассоциациясына кошулган, анын максаты ири аймактык эркин соода зонасын түзүү деп жарыяланган. Аралда эки партиялуу система түзүлгөн: Демокр. лейбористтик партиясы (ДЛП) жана Б. лейбористтик партиясы (БЛП). 1961–76-ж. өлкөнү Э. В. Барроу (ДЛП), 1976–85-ж. Дж. Адамс (БЛП), 1986–94-ж. Барроу, 1987-жылдан Л. Э. Сэндифорд (ДЛП), 1994–2008-ж. Оуэн Артур (БЛП), 2008-ж. бийликке Демокр. лейбористтер партиясы (ДЛП) келип, аны Д. Томпон, 2010-жылдан Ф. Стюарт (ДЛП) жетектеген.