ГРЕЧКО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Андрей Антонович [4 (17). 10. 1903, Голодаевка кыш., Таганрог округу, Дон Армиясы обл., Россия империясы (азыркы Ростов обл., Куйбышев р-ну, Куйбышево айылы) – 26. 4. 1976, Москва] – сов. аскер, мамл. ж-а партиялык ишмер. Советтер Союзунун Маршалы (1955), Советтер Союзунун эки жолку Баатыры (1958; 1973), Чехословакиянын Баатыры. 1919-ж. өз ыктыяры м-н Жумушчу-Дыйкандар Кызыл Армиясында кызмат өтөгөн. Украинада анархисттик түзүлүштөрдү жоюуга, Түн. Кавказдагы улутчул кыймылдарды талкалоого, Түш. фронттогу генералдар А. И. Деникин ж-а П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы согуш аракеттерине активдүү катышкан. Атчан аскер мектебин (1926), М. В. Фрунзе атн. Аскер академиясын (1936), Башкы штабдын Аскер академиясын (1941) бүтүргөн. 1938-жылдан полк командири, 1938-жылдан дивизиясынын штаб башчысы. 1939-ж. Кызыл Армиянын поляк өнөктүгүнө катышкан. Улуу Ата Мекендик согушта дивизиянын, 1942-жылдан корпустун, 12-марттан ыкчам топтун командири. 1942-жылдын апрелинен Донбасс м-н Түн. Кавказда 12-армиянын, сентябрдан Новороссийск ж-а Туапсе багыттарындагы 47- ж-а 18-армиянын, 1943-жылдан Түн. Кавказда 56-армиянын командачысы,  1943-жылдан Воронеж фронтунун командачысынын орун басары, 1943-ж. 15-декабрдан Украинаны, Польшаны ж-а Чехословакияны бошотууга катышкан 1-гвардиялык армиянын, 1945–53-ж. Киев аскер округунун командачысы, 1953–57-ж. Германиядагы советтик аскерлер тобунун башкы командачысы, 1957-ж. ноябрдан СССР Коргоо министринин биринчи орун басары ж-а Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1960-ж. апрелден СССР Коргоо министринин биринчи орун басары ж-а Варшава Келишимине мүчө өлкөлөрдүн Бириккен Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы, 1967–76-ж. СССР Коргоо министри. Ал  Советтер Союзунун коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө чоң салымын кошкон. Чехословакияга сов. аскерлердин киришин (1968), Даманск а-ндагы чек ара жаңжалындагы согуштук аракеттерди (1969), Вьетнам ж-а Араб-Израиль согуштарындагы сов. аскер бөлүктөрүнүн ж-а кеңешчилеринин ишин көзөмөлдөгөн. Анын жетекчилиги м-н армия ж-а аскер-деңиз флоту жаңы аскер техникалары м-н жабдылган. Аскер кызматынын мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга чейин кыскарган. 1952–61-ж. КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961–73-ж. КПСС БКнын мүчөсү, 1973-жылдан КПСС БКнын Саясий Бюросунун мүчөсү. СССР Жогорку Советинин бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты. Ысымы Москва, Киев ж. б.  ш-ндагы көчөлөргө, Ленинград аскер-деңиз академиясына берилген. Өзү туулуп-өскөн мекенине эстелиги орнотулган. 6 Ленин ордени, 3 Кызыл Туу ордени, 2 1-даражадагы Суворов, 2 1-даражадагы Кутузов, 2-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Богдан Хмельницкий ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.