АРБИТРАЖДЫК БҮТҮМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:40, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРБИТРАЖДЫК БҮТҮМ – биржа коюлган окшош товарлардын башка биржага коюлгандагы бааларындагы айырмасын же товарды тапшыруу мөөнөтүнүн ар башкалыгын эске алуу, о. эле кошумча пайда көрүү максатында бир акцияны экинчи бир акцияга алмаштырууда чыгарылган биржа бүтүмү. А. б. төмөндөгүдөй түрлөрү м-н айырмаланат: валюталык бүтүм – бул, белгилүү учурдагы курстук айырмага жараша пайда келтире турган бүтүм (жөнөкөй– бир валютанын курсуна жараша ж-а татаал–бир нече валюта катышкан); пайыздык бүтүм–бул, рынок капиталындагы проценттик айырманы пайдалануу аркылуу пайда алууга мүмкүндүк берет; товардык бүтүм–бул, товар рыногундагы баалардын айырмасынан пайда алуу максатында түзүлгөн бүтүм; фондулук бүтүм–бул, бир эле учурдагы курсу б-ча баалуу кагаздарды сатуу ж-а сатып алуу операциясы; бир эле мезгилде биржалык ж-а биржасыз рыноктор, ар кайсы өлкөлөрдүн биржалык рыноктору, региондору, о. эле ар түркүн поястар ортосундагы биржалык курстун айырмасын эске ала турган бүтүм; баалуу кагазды сатып алуу же баалуу кагаздарды конверциялоо, ошол эле мезгилде аны сатуу укугу. Киреше түшүрүү ыкмасына жараша ал, дивиденттик ж-а дисконттукка бөлүнөт. Ж. Арзыкупов