АШЕРАЛИЕВ Мухтар Есенжанович
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
(1957-ж.т., Фрунзе ш.) – медицина илимд. доктору (2011). КММИни бүтүргөн (1980). Эмгек жолун КР саламаттык сактоосунун Эж-аБКУБда клиникалык ординатор болуп иштеп баштаган. Ошол эле жерде кенже ил. кызматкер, ил. кызматкер, улук ил. кызматкер, аллергология бөлүмүнүн башчысы. Анын 82 ил. эмг., а.и. 3 монография, 2 окуу китептери, ойлоп табуунун 2 патенти жарык көргөн. Эмг.: Пути повышения эффективности терапии и качества жизни детей, больных бронхиальной астмой.– Б., 2009.–190с.