АБДЫЛДАЕВ Абазбек
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
(1943, Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Жалгыз-Жаңгак – 2017, Бишкек) – медицина илимд. доктору (2010). КММИни бүтүргөн (1965). Эмгек жолун Жалал-Абад обл. паталогогистол. лабор-да башчы болуп иштөө м-нт баштаган. Жалал-Абад балдар психоневрол. үй-интернатында директор. ЖАМУда морфол. дисциплиналар кафедрасынын башчысы. КРдин тейлөө сферасынын эмг. сиңирген кызматкери, КР Президентинин Ардак грамотасы м-н сыйланган, Кыргыз Республикасынын илим ж-а техника жаатындагы мамл сыйлыктын лауреаты. Эмг.: Проблемы радиационной медицины Кыргызстана в условия глобального потепления: монография. – Б., 2009. –232 с. Клиникофункциональные особенности изменений в организме у жителей, проживающих вблизи урановых хвостохранлищ// Здоровье и болезнь.– Алматы, 2008. –№ 1.–С.45-48.