АНАРКУЛОВ Бектур Сүйөркулович
Jump to navigation
Jump to search
(09.10.1970 ж.т., Бишкек ш.) – травматолог-ортопед, медицина илимд. доктору (2014.), проф. (2017.). КММАны бүтүргөн (2003). Бишкек шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын травматология бѳлүмүндѳ (дарыгер, бѳлүм башчысы) болуп иштеп келе жатат, С. Б. Данияров атн. Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу ин-тунун травматология, ортопедия жана медициналык катастрофалар кафедрасынын башчысы (2017). 70 ашык илимий эмгектин, а.и. 3 монографиянын, 20дан ашык ойлоп табуунун (патент) автору. Эмг.: Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо / // Б., «Алтын тамга», 2014. – 220 б. Современное лечение переломов длинных костей скелета (в соавт.) Б.: изд-во КРСУ, 2017. – 122 с.