БАБИРУССА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:18, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАБИРУССА (Babyrousa babyrussa) – чочколор тукумундагы сүт эмүүчү. Уруунун жалгыз түрү. Дене уз. 90-199 см, жалынан бийиктиги 65-80 см, салм. 100 кгга жетет. Башы кичине, кулагы кыска. Жону томпок, буттары салыштырмалуу бийик ж-а ичке. Териси дээрлик жылаңач, күрөң же кара-боз түстө, сейрек ж-а кыска түк м-н капталган. Эркегинин үстүңкү кылкыйма тиши узун (30 смге чейин), жогору карай өсүп, дого сымал өйдө кайрылып өсүп, карган Б-нын үстүңкү жаак сөөгүнө кирип калат. Негизинен Сулавеси ж-а ага жакын аралдарды мекендейт. Жалгыздан же саздуу токойдо жашайт, аралдардын ортосун сүзүп өткөнгө жөндөмдүү Негизинен өсүмдүк м-н азыктанат. 5 ай көтөрүп, 1-2 торопой тууйт. Жергиликтүү калк үй жаныбары катары кармашат. Зоопаркта жакшы көбөйөт, 10 жылга чейин жашайт. Табиятта саны азаюуда. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. (сүрөтү – БРЭ 2-том, 621-бет)