АЛМЕЙДА (Almeida) Франсишку

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:51, 12 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛМЕЙДА (1450–1.3 1510) – португалиялык деңиз сүзүүчү. Флотчу ж-а Батыш Индияны жеңип алуучу. Индиядагы 1505–09-ж. алгачкы португалиялык вице-король. А-нын резиденциясы Кочиндеги португалиялык сепил болгон.  Каннапурага ж-а Анджадива а-нда форт курган. Ал 1509-ж. Диу а-нда  египеттик султандын флотун (Индия океанынын акваториясында португалиялыктарды кууп чыгуу үчүн) талкалаган.  Мадагаскар, Цейлон ж-а Мальдив а-ндагы экспедицияны жабдып турган. Илгери Үмүт тумшугуна жакын жерде Португалияга бараткан жеринде  африкалыктар тарабынан өлтүрүлгөн.